Кечээ, 23-мартта мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаевдин Австрияда өтүп жаткан расмий иш сапарынын алкагында кыргыз-австриялык бизнес-форуму болуп өттү. Анда президент австриялык ишкерлерге адегенде кыргыз жерине ишкер катары эмес, турист катары келип кетүүнү сунуш кылды.
"Бизде виза да талап кылынбайт",- деди өлкө башчы.
Андан ары сөзүн улаган президент: "Кыргыз мамлекетинде акыркы жылдары бийликтин колдоосу жок эле өнүгүп жаткан тармактар бар. Тоо-лыжа курортторун алалы, Кыргыз Республикасы менен Австрия бул жагынан да окшош экен. Австриянын аймагынын 70 пайызын тоолор ээлесе, бул көрсөткүч кыргыз жеринде 85 пайызды түзөт. Биздин өлкөдө жайгашкан тоо-лыжа курортторунун бири "Forbes" басылмасы түзгөн рейтинг боюнча дүйнөдөгү эң мыкты ондукка кирген. Бишкек шаарында курулуш тармагы жыл сайын жогорулоо менен өсүп жатат",- деди.
Мамлекет башчынын айтымында, кыргызстандыктарга европалыктардын баалуулуктары жакын. "Биз сиздердин жолуңуздар, демократия жолу менен бара жатабыз. Ооба, бизде митинг-пикеттер көп болуп турат. Бул да демократиянын белгиси. Кыргыз мамлекети өзүнүн "араб жазын" эки ирет башынан өткөргөн. Соңку 10 жылда ар жаз мезгили сайын митинг-пикеттерди, көтөрүлүштөрдү күтөт элек. Бирок быйыл мен жөн гана көктөмдү күттүм",- деди Алмазбек Атамбаев.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды өнүктүрүү боюнча агенттик менен Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын ортосунда кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду.