Бүгүн, 24-мартта орун алган катуу шамал Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы Ноорузга карата илинген жарнактардын айрымдарынын тытылып түшүп калуусуна алып келди. Учурда шаардык мэрияга караштуу Жарнама департаментинин кызматкерлери түшүп калган жарнактарды чогултуу иштерин жүргүзүп жатышат.