Кыргыз жеринде суу ресурсун үнөмдөөгө багытталган долбоор үчүн 7,7 миллион доллар грант алуу боюнча мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы швейцариялык грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 18-февралында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, кыргыз мамлекетинин Каржы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясын Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылганы жөнүндө кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Айта кетсек, Дүйнөлүк банк кыргыз мамлекетинин суу байлыгын сарамжалдуу пайдалануу багытындагы долбоордун 1-фазасына 7 миллион 750 миң доллар өлчөмүндө каражат бөлүүдө. Долбоор 4 бөлүктөн турат: улуттук суу байлыктарын башкаруу жана аны бекемдөө, суу пайдалануучулар үчүн сугат иштерин жөнгө салуу, сууну сарамжалдуу пайдалануу, жалпы мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан