Мамлекеттик мүлктү башкаруудан жыл башынан бери республикалык бюджетке 60 миллион сом киреше түштү. Бул тууралуу 24-мартта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти. Дивиденддерден түшкөн киреше 3,3 миллион сом, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше 10,2 миллион сом, мамлекеттик ишканалардын кирешеси 46,4 миллион сом, башка кирешелер 200 миң сом экени айтылды.