Каныбек Осмоналиев борбордогу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев бүгүн, 24-мартта Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Свердлов районундагы №152 жана Ак-Босого жаңы конушундагы №2-“Алтынай” бала бакчасына барып, алардын материалдык-техникалык базасына, тарбиялык иштерине жана балдардын ден соолугунун абалына күбө болду. 
Депутат бала бакчанын усулдук китептерин карап чыгып, иш жакшы жүрүп жатканын белгилеп, башка аймактарда дагы ушундай деңгээлде иш алып баруу зарылдыгын айтты. Балдардын санынын көптүгүнөн бир орунга эки бала жатканы жана мамлекеттик тил орус тилдүү бала бакчаларда жумасына 2 жолу гана өтүлгөнү да маанилүү маселе экенин айтты. Ошондой эле өлкө аймагындагы бала бакчаларда мамлекеттик тилди 6 саатка жеткирүүнү сунуштады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан