Алмазбек Атамбаев Вена шаарында жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңсесинде болду
Бүгүн, 24-март күнү президент Алмазбек Атамбаев Австрияда өтүп жаткан расмий иш сапарында Вена шаарында жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңсесинде болду. Анда БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов менен жолугушту.