Кечээ, 23-март күнү президент
Алмазбек Атамбаев Австрияда өтүп жаткан расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентинин Федералдык Кеңешинин президенти
Соня Цвацл менен жолугушуу өткөрдү.
Анын жүрүшүндө кыргыз-австриялык эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги, ошондой эле парламенттер аралык өз ара иш алып баруу, актуалдуу эл аралык маселелер тууралуу сүйлөшүүлөр орун алды.
Австрия парламентинин Федералдык Кеңешинин төрайымы Соня Цвацл Кыргыз Республикасынын демократияны бекемдөөдөгү жетишкендиктерин жана өлкөдө туруктуу коомдук-саясий кырдаалды орнотууга байланыштуу кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдөгү ийгиликтерин баса белгиледи.
Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз өлкөсүнүн түрдүү тармактарында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.