Бул үчүн КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга түзөтүүлөр киргизилет.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс жаңы 387¹-беренеси менен толукталып, ага ылайык, дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин бузуу үчүн администрациялык жоопкерчилик каралат, ал эми 390-беренеде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында болуунун же транзиттик өтүүнүн белгиленген тартибинин бузулушу үчүн жоопкерчилик аныкталат.
"Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамдын 42-беренеси "Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан каралган тартипте берилет жана пайдаланылат. Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекетке кайтарылып берилүүгө жатат. Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет" деген жоболор менен толукталат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.