Бүгүн, 24-мартта Ош шаарында жылытуу мезгилинин аяктаганына байланыштуу жылуулук энергиясын берүү токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Калаа башчысынын буйругу менен 2015-жылдын 24-мартынан баштап шаарга жылуулук энергиясын берүүнү токтотуп, жылуулук менен камсыздоочу объектилерин келерки жылдын жылытуу мезгилине даярдоо иштерин баштоо жагы "Ош жылуулук электр" борборуна, "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасына, Ош шаардык билим берүү башкармалыгына жана саламаттыкты сактоо мекемелерине милдеттендирилди",- деп айтылат маалыматта.