Өлкөдө кургак учукка кабылгандардын саны жыл санап төмөндөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта маалымат жыйынында
КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева билдирди."Кургак учук менен жыл сайын ооруп калган адамдардын саны акырындап болсо да азайып баратат. 1990-жылдан тарта 2013-жылга чейин кургак учуктан болгон өлүмдөр 45 пайызга төмөндөдү. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баамдоосу боюнча, 2000-жылдан 2013-жылга чейин 37 миллион адамдын өмүрү кургак учуктун диагностикасынан жана дарылоосунан улам сакталып калды",- деди Д.Ниязалиева.
Анын айтымында, 2013-жылы жарандык сектордо өлүмгө учуроо 100 миң адамга 7,7 пайызды түзүп, 441 бейтап катталган болсо, ал эми 2014-жылы 100 миң адамга 6, 7 пайызды түзүп, 389 бейтап катталган.