Кыргыз мамлекетинин өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев бүгүн, 24-мартта Орусиянын Энергетика министрлигинин жетекчилиги: энергетика министринин орун басарлары Анатолий Яновский жана Юрий Сентюрин менен жолугушту.
Оторбаев кыргыз мамлекетинде ишке ашырылып жаткан энергетикалык долбоорлор өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты экенин белгилеп: "Кыргыз Республикасы менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүгүнүн деңгээли бүтүндөй биргелешкен долбоорлордон, мунун ичинде энергетикалык долбоорлордон байкалууда",- деп билдирди.
Жоомарт Оторбаев "Газпром" компаниясынын инвестор катары кыргыз мамлекетине келиши маанилүү болгонун билдирди. Аталган компания тарабынан өлкөнүн газ жеткирүү системин өнүктүрүү долбоору боюнча иштер эффективдүү жүрүп жатканын айтты.