Түштүк Кореяда Кыргыз Республикасынын туризмин өнүктүрүү фондунун өкүлчүлүгү ачылды

Түштүк Кореяда 23-мартта Кыргыз Республикасынын туризмин өнүктүрүү фондунун өкүлчүлүгү ачылды. Туризм департаментинин билдиришинче, өкүлчүлүк ачуунун максаты - Түштүк Кореядан кыргыз жерине туристтерди жана инвесторлорду тартууну күчөтүү. Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Чакиев, КРнын аталган өлкөдөгү элчиси Дүйшөнкул Чотонов, кореялык ишкерлер жана башкалар катышып, Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүгү тууралуу кенен маалымат берилген. "Өкүлчүлүктүн негизги милдеттеринин бири - Сеул - Бишкек - Сеул аба каттамын ачууга байланыштуу маселелерди карап чыгуу",- деп билдирет департамент.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан