"Жер-Үй" кени боюнча сынактык комиссиянын отуруму 26-мартта уланат

Геология жана минералдык ресурстар агенттиги 24-мартта "Жер-Үй" алтын кени боюнча сынакка катышкан 3 компаниянын арызын карады. Аталган агенттиктин башчысы, сынактык комиссиянын төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин билдиришинче, сынакты ачык өткөрүүгө бардык аракеттер көрүлүүдө. Компанияларды сынактын экинчи этабына өткөрүү же өткөрбөө тууралуу комиссия 2 күндүн ичинде чечим кабыл алмай болду. Ага чейин бардык документтер дыкат иликтенмекчи. 
Комиссиянын кийинки отуруму 26-мартта өтөт.  
Айта кетсек, аталган кенди иштетүү укугу үчүн 3 компания ат салышууда. Экөөсү орусиялык, бири ата мекендик: "Восток-геолдобыча" ААКы, "Алданзолото ГРК" ААКы жана "Кыргыз алтын" ААКы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан