Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүндө: Мамлекет башчы расмий иш сапары менен Францияга барды
Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа өлкөлөрүндө өтүп жаткан расмий иш сапарлары бүгүн, 25-март күнү Франциядан уланат. Мамлекет башчыны коштогон кыргыз делегациясынын тобу кечээ, 24-март күнү кечинде Парижге келип конду. Бир күндүн ичинде өтүп бүтүүсү каралган расмий иш сапарда Алмазбек Атамбаев кыргыз-франциялык бизнес-форумга катышып, Франциянын президенти Франсуа Олланд менен жолугушуу өткөрөт.