Мас абалдагы адам "учакта жарылуучу зат бар" деген маалымат айтканынан улам Екатеринбург - Бишкек каттамы токтотулду

Орусиянын Кольцово аэропортунда мас абалдагы адамдын "учакта жарылуучу зат бар" дегенинен улам Екатеринбург - Бишкек каттамы токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Транспорт полициясынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматтарга ылайык, мас абалдагы адам каттамга кечигип жаткандыгынан улам жарылуучу зат тууралуу телефон чалып айткан. Укук коргоочулар аны кармап суракка алышты. "Бул окуядан улам жүргүнчүлөр нааразычылыктарын айтышууда. Алардын айтымдарында, аэропортко келчү жолдо унаа тыгыны орун алууда. Ал эми аэропорттун кызматкерлери учактарды текшеришүүдө",- деп билдиришет басылмалар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Bektur2
2015-03-25 10:45:49
Жакшы шылто тапкан экен мас болсо да кыргыз го
+1
st1m_
2015-03-25 23:57:52
Bektur2, Туура айтасын таза кыргыз болбосо да кыкеге илме-чалмасы барбы дейм.
+2
semakg
2015-03-25 11:17:06
Эми ошол акмакчылыгы учун кеминде 1-2 жыл камалат болбосо 200минден 500минге чейин айып пул толойт келесоо адам.
0
XAH.
2015-03-25 11:42:47
Жакшы шылтоо экен
-1
danyshman
2015-03-25 11:45:58
Накта Кыргыз экен молодец,атын чыкбаса бомба жардыр болуптур да.
+5
Shai
2015-03-25 13:19:18
danyshman, Турсунбай Акундун туугандарынанго анда ээ
+1
danyshman
2015-03-25 15:02:40
Shai, ооба ошондой го Дадин.
0
beka1207
2015-03-25 11:57:06
Кыска ойлонуп алыптыр кургур ким болсо да)))оюнда самалет кармалып турса жетишип алам дегенго,эми проблема болот озунр
+3
Nurlankg92
2015-03-25 18:04:20
Ха ха ха настроена жоктугунда бир кулуп алдым.
+1
zhumagul89
2015-03-25 22:36:11
Кулкулуу.... эми эмне болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан