КРнын Туризм департаментинин колдоосу менен, туристтерди жана инвесторлорду тартуу максатында 23-мартта Түштүк Кореяда Кыргыз Республикасынын туризмин өнүктүрүү фондунун өкүлчүлүгү ачылды.
Өкүлчүлүктү ачуу салтанатына маданият министринин орун басары Максат Чакиев, Инвестицияларды тартуу агенттигинин директорунун орун басары Нурбек Максүтов, КРнын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Д.Чотонов катышты.
Ошондой эле иш-чарага аталган өлкөдөгү 200гө жакын жеке ишкер келип, кыргыз жеринин туристтик потенциалы жөнүндө маалымат алышты.