"Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" КРнын мыйзам долбоору жөнүндө кыргыз өкмөтү токтом кабыл алды. Аталган документке 2014-жылдын 12-сентябрында Тажикстанда Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде кол коюлган.
Макулдашуунун максаты - ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда автомобилдик кызматташтыкты жакшыртуу, тармактагы тоскоолдуктарды жоюу. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда автоунаалар менен жүк жана жүргүнчү ташуунун көлөмүн көбөйтүү, кыргыз мамлекетинин жүк ташуучуларына Кытай өлкөсүнүн аймактарына жана уюмга мүчө башка өлкөлөргө кирүүсүнө уруксат берүү. Муну менен эл аралык каттамдарга чыккан кыргыз өлкөсүнүн айдоочуларына жакшы шарттар түзүлөрү айтылды.