Кыргыз жеринде Чакан ГЭС ассоциациясы түзүлдү

Кыргыз мамлекетинде Чакан ГЭС ассоциациясы түзүлүп, ишин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти. Максаты - өлкөдө чакан ГЭСтерди куруу тармагын өнүктүрүү. Ассоциациянын президенти болуп Эльвира Боромбаева шайланган. 
"Чакан ГЭС ассоциациясы тармакка инвестиция тартуу боюнча Түркия тарап менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бизнес-жолугушууларды өткөрүүнү пландоодо. Чакан ГЭС куруу тармагын өнүктүрүү боюнча кызыкдар компанияларды бирге иштешүүгө чакырууда",- деп билдирет министрлик. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан