"Бишкекте мыйзамсыз курулуштар улантылып жатат, мисалы, Тоголок Молдо, Исанов жана Москва көчөлөрүндөгү жаңы курулуп жаткан имараттар". Муну бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында коомдук активист
Калича Умуралиева билдирди.
"Азыркы учурда Бишкектин ичинде курулуш иштерин жүргүзүүгө деталдуу план иштелип чыккан эмес. Шаардын ичинде бош орун жок. Ал эми борбордун кичи райондорунда жерлер бош жатат. Көрсө, ал жерлер Данияр Үсөнов мэр болуп турган учурда анын туугандарына сатылып кеткен экен. Бир дагы мамлекеттик орган жакшы иштебей жатат",- дейт Умуралиева.