Мавлян Аскарбеков жаштардын бийликке барышы оор болуп жатканын айтты

Бүгүн, 25-мартта Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо жарандык активист Мавлян Аскарбеков көп жылдардан бери мамлекет жетекчилигиндеги жүздөр алмашпай жатканын сынга алды. “Мен кичинекей кезде эле Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов жана башка саясатчылар бийликте болчу. Жылдар өттү, жогорку окуу жайга тапшырдым, үйлөндүм, бирок бийликте дагы эле ошол жүздөр. Жаш саясатчылардын бийликке барышына оор болууда”,- дейт Аскарбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Феликс Кулов буга жооп кылып: “Айрым коомдук ишмерлер сынга алганды гана билишет, бирок конструктивдүү демилгелерди сунушташпайт”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан