Кыргыз мамлекетинде доллардын курсу кескин көтөрүлдү. Бишкекте учурда 1 долларды сатып алуу 64 сом, сатуу 64 сом 85 тыйын болууда (25-март, саат 20:30га карата). Айрым акча алмаштыруучу жайлар долларды 65 сомдон сатууда. Айта кетсек, сомдун туруктуулугун сактоо үчүн Улуттук банк 24-мартта 8,4 миллион доллар суммасында интервенция жасаган.
Валюталык интервенция - мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Улуттук банк тарабынан валюта рыногунда чет элдик валютанын сатылышы же сатылып алынышы.