"Бийлик органдары зомбулукка кабылган балдарды реабилитациялоо, аларга медициналык жана психологиялык жардам берүүнү камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшү керек",- деп билдирди вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 25-мартта Талас облусунда укук коргоо кызматкерлери менен жолугушууда. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, диний экстремизм көйгөйлөрү талкууланды.
Вице-премьер былтыр өлкөдө митингдердин саны эки эсе кыскарганын, бирок кендерди иштетүү боюнча Талас облусундагы коомдук-саясий кырдаал акыркы жылдары курчуганын белгиледи. Анын билдиришинче, митингдерди азайтуу үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү зарыл. Жергиликтүү тургундарга кен иштетүүдө заманбап технологиялар колдонулары, экологиялык, техникалык коопсуздук боюнча кенен маалымат жеткирүү керек.