Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев германиялык учактын кыйрашынан испаниялык жарандардын каза тапканына байланыштуу Испания падышасы Филипп VIга көңүл айтты. "Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Франция аймагында кулаган учактагы Испаниянын жарандарынын каза болгонуна байланыштуу сизге жана жалпы испан элине терең кайгыруу менен көңүл айтам",- деп айтылат президенттин көңүл айтуу телеграммасында.
Алмазбек Атамбаев каза болгон жарандардын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.