Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 25-мартта кыргыз мамлекетиндеги дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Казакстандын кыргыз жериндеги элчиси Бейбит Исабаевди кабыл алды. Кыргыз-казак мамилесин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн элчиге ыраазычылык айтып: "Бул мезгил аралыгында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду, көптөгөн эки тараптуу көйгөйлөр чечилди. Соода тармагында жетишкендиктер болду, акыркы эки жылда өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард долларга жетти",- деп билдирди Оторбаев. Өкмөт башчы Исабаевди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады.
Айта кетсек, Бейбит Исабаев мындан ары Казакстандын Азербайжандагы элчиси кызматын аркалайт.