Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев: "Францияда кулап түшкөн учактын окуясына байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин Франсуа Олланд менен жолугушуусу үзгүлтүккө учурабайт"

Бүгүн, 25-март күнү Франциянын борбору Париж шаарында президент Алмазбек Атамбаевдин Европа өлкөлөрүндө өтүп жаткан расмий иш сапары боюнча тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев чакан брифинг берди. Эрлан Абдылдаевдин айтымында, бүгүн өтө турган кыргыз мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Франциянын президенти Франсуа Олланд менен жолугушуусу Францияда кулап түшкөн учакка байланыштуу окуянын айынан үзгүлтүккө учурабайт.  

"Эки президенттин жолугушуусунда Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосундагы маселелер гана эмес, актуалдуу эл аралык жана аймактык саясат боюнча маселелер да талкууга алынат. Бул маселелер бүгүн олуттуу мааниге ээ болуп турат. Ал эми кулап түшкөн учактын окуясына байланыштуу кыргыз өлкөсүнүн президенти немис тарапка да, испан тарапка да көңүл айтты",- деди тышкы иштер министри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан