Кыргыз мамлекетинде 2014-жылы донор өлкөлөр жана каржы институттары менен жалпы суммасы 733 миллион долларлык 26 макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу 25-мартта Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган сумманын 303 миллион 100 миң доллары грант, 429 миллион 800 миң сому насыя.
Бишкек-Ош жолун калыбына келтирүү долбооруна 100 миллион доллар, Талас шаарындагы суу менен жабдуу системин жаңылоо долбооруна 4 миллион 890 миң доллар, Ош шаарындагы коомдук транспортту жакшыртуу долбооруна 11 миллион 440 миң доллар бөлүнгөнү айтылды.