"Кыргыз парламентинин айым депутаттары бир жыл аралыгында Ботаникалык бакчанын абалы менен беш жолу барып таанышты. Депутаттардын тармактык комитет менен биргелешкен аракети аркылуу 2015-жылдын 1-апрелинде “Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондунун жана Ботаникалык бакчанын абалы жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды",- деди депутат Айнуру Алтыбаева.
Ботаникалык бакчанын директору Туратбек Мүсүралиев: "Токтомдун кабыл алынышы акыркы 20 жыл аралыгындагы алгачкы жардам болду. 150 гектар аянтта жайгашкан бакчада 5 миңден ашуун сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн түрлөрү бар, каражаттын жетишсиздигинен улам алар таптакыр каралбай калган",- деп билдирди.
Жыйында Ботаникалык бакчанын илимий жактан гана эмес, экологиялык жактан да мааниси зор экени, аны коргоп гана калбастан, андан ары өнүктүрүү керектиги тууралуу пикирлер айтылганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.