27-июнда "Опузалап пара талап кылуу" фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда алынган 35 миң доллардын бир бөлүгүн кайтарып берип жатып Бишкек шаарынын вице–мэри Таалайбек Байгазиев кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМКнын маалымат борбору билдиргендей, ал көрсөтүлгөн акчаны Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоордун алкагында талап кылган. Бирок бийлик өлүлү акчаны алгандан кийин ар кандай себептерге таянып, мурда инвестор менен жетишилген макулдашууларды аткаруудан качкан.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.