Францияда 1-июлдан тарта коомдук жайларда тамеки чегүүгө толук тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Жыл сайын Францияда тамеки чегүүдөн 75 миң адам каза болот же күнүнө 200дөн ашууну көз жумат. Тамекинин социалдык чыгымы жылына 150 миллиард евро деп бааланат. Тамеки тарткандардын 90 пайызы 18 жашка чейин жаман адатты башташат. Бул кадам калктын саламаттыгын сактап калуу",- деп айтылат билдирүүдө.
1-июлдан тарта тамеки чегүүгө балдар бар жерлерде тыюу салынат. Тизмеге коомдук парктар, бакчалар жана пляждар, аялдамалар жана жүргүнчүлөр үчүн жабык күтүү жайлары, жашы жете электерди кабыл алуу, окутуу же жашаган жерлерге жакын аймактар, китепканалар, бассейндер, стадиондор жана спорттук имараттар кирет.