11 жыл бою дайынсыз болуп келген кыргыз жараны эртең мекенине кайтат

11 жыл бою дайыны чыкпай келген кыргыз жараны Муса Маматов эртең, 6-апрелде мекенине кайтат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарындагы кыргыз диаспорасынын кеңешчиси Алымбек Абжамилов билдирди.
Анын айтымында, М.Маматов Иркутск-Ош авиакаттамы аркылуу жөнөйт. "Оштогу аэропортко эртең менен саат 6:00дө конмокчу. Аны туугандары бала-чакасы менен тосуп ала турган болду. Ал эми Орусиядагы мекендештер жол киресине, кийим-кечесине акча чогултуп беришти. Бүгүн М.Маматов Улан-Удэден Иркутск шаарына жөнөп, кечинде учакка отурат",- дейт коомдук ишмер.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында 11 жыл бою дайынсыз болуп келген кыргыз жараны Маматов Муса Карабаевич тууралуу маалымат чыккан. Ал 1964-жылы 13-февралда туулган, апасы Оштун Жапалак айылында борбордук мечиттин артында жашайт. М.Маматовдун айтуусу боюнча, апасы Калбү 84 жашта. Биринчи аялынан 2 уулу жана экинчи аялынан 1 кызы бар. Уулдары Данияр 24 жашта, Орозбек 22 жашта, кызы Аяна 19 жашта. 
Анын Бурятияда селсаяктар менен тентип жүргөндүгү да айтылган. Мекендештерибиз аны биринчи аялы менен сүйлөштүргөндө, ал айымды сөгүп, "кызымды тапмайынча мага чалба" деген. Андан соң Муса Маматов токойго жумушка кетүүнү көздөп, акыркы эки ай ичинде кайда экени белгисиз болгон. Диаспора өкүлдөрү менен байланышка чыккан анын кызы Аяна атасын издеп, өзү жашап жаткан Красноярск шаарына алып кетем деген. Кийин М.Маматов табылып, ага депортациялоо сунушталганда, өзүн өзү өлтүрүүгө даяр экенин айткан. Өткөн аптада анын жердештери ал мигранттарды убактылуу кармоочу жайда экенин билишип, ага үч сыйра кийим жана акча беришкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sharipa-asia
2015-04-05 12:59:37
Жакшы болуптур, эн чон сооп жасаптырсынар, , Аллах ыраазы болсун!
+2
Kalin466
2015-04-05 14:14:18
Соо неме эмеско. Уйуно келгенде деле уйбулосун жыргатбаит ко мындай кебетеси менен.
+4
ENGELSA
2015-04-05 14:16:28
аябай жакшы болуптур!!! Жардам берген адамдарды Аллахым ардайым колдоп таясын!!!
+2
azat_sokrat
2015-04-05 15:35:51
А иии менин аяш атамда!!!Данияр досум кубанычынды болушом
+4
sergo
2015-04-05 17:36:33
Кебетеси укмушко
0
meli12
2015-04-06 13:09:56
бул кебетеси менен ошто деле селсаяк болбосо экен.эсине келип турмушун ондосо экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан