Камчыбек Ташиев: "Мени көпчүлүгү жаман көрөт" (видео)

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда аны жаман көргөндөр көп экенин айтты.

Ал муну кызматы менен байланыштырды.

"Мен саламаттыкты сактоо же өзгөчө кырдаалдар министри эмесмин. Мен улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасымын. Мамлекетибиздин коопсуздугун сактоого, аны камсыз кылууга милдеттүүмүн. Ошондуктан мени көпчүлүгү жаман көрөт.

Жаман көрүшсө не кылайын эми? Кызматым ушундай экен. Күн алыс ошол мыйзам бузган аткаминерлерди же тартип бузгандарды мыйзам чегинде жазалоого милдеттүүмүн",- деди ал.

Камчыбек Ташиев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан