Жогорку Кеңештин депутаттары Аксы районунун тургундары менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Токтогул Туманов, Замирбек Алымбеков, Саматбек Ибраев Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун эли менен жолугушту. Маалыматты 6-апрелде Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттар алгач Аксы окуясынын курмандыктарына тургузулган эстеликке куран окутушуп, Топ-Жаңгак айылында көчөт отургузушту. Андан сырткары Кара-Жыгач, Ак-Жол, Үч-Коргон айылдарында болушуп, үч айылга бирден трактор белекке беришти. 
Бул тракторлорду айыл өкмөттөрдүн менчигине тапшырдык, ошондой эле президенттин атынан Аксы районуна таза суу чыгаруу үчүн 100 миң сом кошумча кылдык. Ал эми фракция депутаттарынын атынан Аксы окуясында жабыркаган үй-бүлөлөргө 70 миң сомго чукул акчалай жардам бердик,- деди депутат Турсунбеков.

Депутаттар жергиликтүү калк менен жолугушуу учурунда өлкөдө жасалып жаткан иштер, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийинки маселелери тууралуу сөз кылышты.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан