Бүгүн, 6-апрелде «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде студенттердин катышуусу менен 7-Апрель - Элдик революциясына арналган эскерүү митинги болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, иш-чарага окуу жайдын 100гө чукул студенти жана мугалимдер катышты.
Митингдин жүрүшүндө 1938-жылы саясий репрессияга кабылып курман болгондорго куран окулду. Ошондой эле «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин музейине саякат уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты - жаштардын мекенчилдик сезимин ойготуу.