Аким уулу Медербек Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Айта кетсек, аталган комиссиянын төрагасынын орун басары болуп буга чейин иштеп келген Алмаз Кулматов мамлекет башчы тарабынан 2015-жылдын 14-мартында кызматтан бошотулган.