Апрель революциясына 5 жыл

Бүгүн, 7-апрелде 2010-жылкы Апрель революциясына 5 жыл толду. 2010-жылы 7-апрелде мурунку президент Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган. Авторитардык режимге каршы, Ак үйдүн алдына бийликтин алмашуусун талап кылып чыккан элге ок атылып, 87 адам каза тапкан. Көптөгөн жарандар жаракат алышкан. Курман болгондорго “Апрель баатыры” деген наам берилип, сөөктөрү "Ата-Бейитке" коюлган. Алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына 1 миллион сомдон жана Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдөн батирлер берилген. 
Бүгүн өлкө боюнча революциянын 5 жылдыгына карата расмий иш-чаралар өтүп, окуядан көз жумгандар эскерилүүдө. Мамлекет жетекчилиги бүгүн Бишкекте борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы эскерүү иш-чарасына катышып, 2002-жылкы Аксы жана 2010-жылдын Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүлчамбар койду. Окуяда курман болгондорго багышталып куран окулду.

Алмазбек Атамбаев: "7-Апрелдин шейиттери - кыргыз элинин Данколору"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан