Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде "Кумтөр" маселеси каралат

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында "Кумтөр" боюнча парламент токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматы угулат. Депутаттардын суроолоруна өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жооп бермекчи.

Жогорку Кеңеш 26-февралда дагы "Кумтөр" боюнча парламенттин буга чейинки токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп, бир ай ичинде “Кумтөрдө” биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимге келүү же улутташтыруу боюнча мыйзамды алып келүүнү тапшырган болчу. Өкмөт үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү шартында биргелешкен ишкана түзүү боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүлөр 95 пайызга аяктап калганын, 2 маселе боюнча бир пикирге келе албай жатышканын жарыялаган. Кыргыз өкмөтү менен “Центерра” ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканына бир жылдан ашты. Бирок азырынча эки тарап бир пикирге келе элек.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан