"Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан митингдин катышуучулары: "2010-жылкы убадалар качан аткарылат?"

"Акталбаган үмүттөр качан акталат?", "Ата-Бейиттеги" айтылган анттар аткарылдыбы?", "Апрель, Ош окуяларына качан баа берилет?" деген ураандар менен Апрель революциясынын баатырлары митингди улантышууда. Чогулуштун катышуучулары 5 жылдан бери жашоо өзгөрбөгөндүгүн жана берилген анттар аткарылбай жаткандыгын айтышууда. "Электр энергиясына болгон бааны көбөйтпөйбүз дешкен, "ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт" дегендей, "жашоо жаңыланды" дешти, кана ишканалар курулуп, жаштарыбыз жумушка орношкону? Айтып олтурса көп эле маселе чечилбей жатат. Биз чындыкты билгибиз келет, убактылуу бийлик өкүлдөрү кылган иши боюнча бизге отчёт беришсин",- дейт Апрель элдик революциясынын баатыры Айбек Бузурманкулов.
Иш-чаранын башталганына бир топ убакыт болсо да, бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыгып, митингчилерге жолуккан жок.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aika1405
2015-04-07 12:39:05
Эч нерсе озгоргон жок,байкуш курман болгондор жон эле бироолордун кызыкчылыгы учун эле "жертва"болушту,аянтка баралышпайтда кайсы бети менен,эмне деп барышат.
+5
aziziko
2015-04-07 12:43:27
Ошол куну жапжаш балдарыбыз байкелерибиз инилерибиз олуп калышты. А чондор дагы эле жыргап атышат. Олгондордун оз шору а башкалар жыргап атышат
+6
Nuranna_93_kg
2015-04-07 13:32:36
Aprel okuiasyndagy kurman bolgondorgo azyrky biylik kunooluu. ХХХ ХХХ ХХХ... Bakiev maalynda tooluu aimaktarga ozgocho konul burulup kanchalagan mektepter salyndy,kitep tamak ash beker bolup pencialar koboigon.
+2
admin_portal
2015-04-07 14:00:31
Nuranna_93_kg - эскертүү!
Далили жок маалымат жазуудан алыс болуңуз.
0
kubat_1973
2015-04-07 18:11:15
Nuranna_93_kg, Бакиев жакшы эле дейсин жакшы болсо из элине ок атып оз Элин жамандап чет жерде журот беле.Суйлоордо да кичине ойлонуп суйлогон жакшы го .Ордолуу журтка ойрон салган карышкыр сага эле жакпаса эч кимге жакпайт.
-4
uulay
2015-04-07 16:54:41
Могу суроттогу бала ветеран да эми?
0
bom.bon
2015-04-09 02:16:11
Тополон мамлекетти аксатат артка тартат башка эчнерсе!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан