Талас облусунда чоподон жасалган байыркы карапа табылды. Бул тууралуу Талас облусунун жашоочусу Айка Тезекбаева бүгүн, 7-апрелде SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, археологиялык табылганы анын кошунасы өзүнүн бакчасын казып жатып таап алган. “Карапа бүтүн жана көлөмдүү экен. Азыр аны кимге беришти же сатышты билбей жатабыз”,- деди ал.