Өкмөт: "Мамлекеттик геология агенттиги "Кумтөр" маселеси боюнча маалыматты июль айына чейин бере албайт"

Бүгүн, 7-апрелде парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында өкмөт депутаттарга "Кумтөр" маселесинин тегерегиндеги сүйлөшүүлөр боюнча маалымат берип жатат.
Вице-премьер-министр Валерий Диль жана "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов канадалык "Центерра" ишканасы менен сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканын айтып беришти. Аталган комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев чиновниктерди "Кумтөрдү" улутташтыруу же "Центерра" менен биргелешкен ишкана түзүү тууралуу так маалымат бербегени үчүн сынга алды. 
Мамлекеттик геология агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев "Центерра" тарабынан эч кандай расмий документ келбегендигин билдирди. "Бизге бир гана кат түшкөн, бирок расмий маалымат жок. Ошол катта расмий отчёт июль айына чейин келбегени жазылган",- деди Зилалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан