Бүгүн өлкөдө 7-Апрель окуясынын 5 жылдыгына арналган эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү. Борбордогу “Ала-Тоо” аянтында өткөрүлгөн эскерүүгө мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, экс-президент Роза Отунбаева жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева катышты. Иш-чарага 7-апрелде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик башка органдардын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Андан соң иш-чара Апрель окуясында каза болгондордун сөөгү коюлган “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде өттү. Кийин иш-чарага катышкандар маркумдарды Бишкектеги “Форум” имаратынын жанында да эскеришти.