Валерий Диль: "Энергетикалык жылытуу системин күз-кыш мезгилдерине даярдоо иштери учурда ийгиликтүү жүрүүдө"

Вице-премьер-министр Валерий Диль Бүткүл дүйнөлүк банктын Орто Азия боюнча регионалдык директору Сарож Кумар Жа менен өлкөнүн энергетика маселесин талкуулады. Ошондой эле тараптар энергетика багытындагы долбоорлорго колдоо көрсөтүү жана 2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү маселелерин карашты.    

Валерий Диль энергетика системин күз-кыш мезгилдерине даярдоо иштери учурда ийгиликтүү жүрүп жатканын белгиледи. “Өкмөт алдыдагы күзгү-кышкы мезгилдерге даярданууда тобокелчилик кылуудан чыгууга аракет кылууда. Өткөн жылдан сабак алып, биз кыштын биринчи суугуна чейин даярданууну азыртадан баштоону каалап жатабыз”,- деди Валерий Диль.

Жыйынтыгында Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлү банк өлкөнүн энергетика системин реализациялоо боюнча долбоорлорго жана 2015-2016-жылдын жылытуу учурларына даярданууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

 

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан