Бишкекте Мирсаид Миррахимов атындагы көчөнүн ачылышы болот

Бүгүн, 8-апрелде Бишкекте академик Мирсаид Миррахимов атындагы көчөнүн ачылышы болот. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чара борбордун 5-кичи районунда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын катышуусу менен өтөт. 

Айта кетсек, М.Миррахимов Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген илим ишмери жана СССР Медициналык илимдер академиясынын жана Улуттук илимдер академиясынын академиги. Ал 2008-жылы дүйнөдөн кайткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан