Ош. Студенттер Ден соолук күнүндө сабакка спорттук кийимчен келип, сабак алдында көнүгүү жасашты

7-апрель - Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүндө Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда дене тарбия бөлүмү тарабынан уюштурулган бир сааттык көнүгүү жасоо иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бардык окутуучулар жана студенттер спорттук форма менен келишип, көнүгүүлөрдү жасашты. Агайлар жана студент балдар гиря, штанга көтөрүү, турникке тартылуу өңдүү көнүгүүлөрдү жасашты. Ал эми эжейлер жана студент кыздар алкак (обруч) ойноп, ритмикалык көнүгүүлөрдү музыканын коштоосунда аткарышты. Мындай иш-чара салтка айланып, бир топ жылдан бери 7-апрелде уюштурулат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
maks94.kb
2015-04-08 10:54:38
Оу жакшы саамалык экен
0
altynka95
2015-04-16 12:35:44
Ошо не еле ОГПИ жактан музыка чыгат десе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан