Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттык топтордун ишин кайрадан ыраатташтырууга багытталган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда комитеттин кароосуна жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун негизги максаты - депутатка фракциядан сырткары депутат же эркин депутат болууга, же фракциядан сырткары бөлөк депутаттык топко биригүүгө тыюу салуу. Ал эми фракция ичинде депутаттык топторду түзүү укугу калтырылууда. Конституциялык палатанын чечиминде ага тыюу салынган эмес. Бир катар депутаттар фракция ичинде депутаттык топтордун түзүлүшү фракция ишине терс таасирин тийгизе турганын айтышты. Регламенттеги “депутаттык иликтөө” жобосун “парламенттик иликтөөгө” өзгөртүү сунушу да талаш-тартыш жаратты. Айрым депутаттардын айтымында, депутаттын иликтөө укугу кыскарып калат.
Жыйынтыгында депутаттар талаш маселелерди добуш берүү аркылуу чечүү чечимине келишти.