Жоомарт Оторбаев: "Мамлекет жетекчилери өлкөдө жагымдуу инвестициялык абалды түзүү зарылдыгын толук түшүнөт"

Евразиялык экономикалык союзда кыргыз мамлекети мыкты инвестициялык абал түзүлгөн өлкө катары эсептелиши зарыл. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев 6-апрелде өкмөттүн 2015-2017-жылдарга карата жеке тармакты өнүктүрүү боюнча программасынын бет ачарында билдирди.

"Президент, Жогорку Кеңеш жана өкмөт өлкөдө жагымдуу бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык абалды түзүү зарылдыгын толук түшүнөт. Бизде кайсы тарапка багыт алуу керектиги тууралуу талаш-тартыш жок. Кеп экономиканы либералдаштыруу тарабына багыт алуу тууралуу жүрүүдө, мындай шартта ишкер өзүн ыңгайлуу сезет",- деди өкмөт башчы.

Жоомарт Оторбаев кыргыз мамлекети 2015-жылдын май айында Евразиялык экономикалык биримдикке кирерин эскертип, буларды кошумчалады: "Ата мекендик компаниялар мындан ары атаандаштыкты жогорулатууга тийиш. Биз өзүбүздө башка өлкөлөрдүн ишкерлери кыргыз мамлекетине инвестиция салгыдай шарттарды түзүшүбүз керек. ЕАЭСте Кыргыз Республикасы мыкты инвестициялык абал түзүлгөн орун катары эсептелиши зарыл". 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан