Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова парламенттик угууга даярдыгы жок келген депутаттарды сынга алып, жыйындан чыгып кетти

Бүгүн, 13-апрелде өлкөнүн каржылык-экономикалык абалын талкуулоого арналган парламенттик угууда коомдук ишмер Төлөйкан Исмаилова депутаттарды жана чиновниктерди парламенттик угууга тиешелүү деңгээлде даярданып келбегени үчүн сынга алды.
Анын айтымында, баяндамалары менен чыккан депутаттар жана чиновниктер жыйынга даярданып келишкен жок. "Биз бүгүн эч кандай өнүгүү концепциясын уккан жокпуз. Ар кандай статистикалык маалыматтар, божомолдор берилди, бирок маанилүү жана пайдалуу сунуштар айтылган жок. Эмнеге бизди чакырганыңар түшүнүксүз",- деп нааразы болуп, жыйындан чыгып кетти. 
Жыйындын төрагасынын милдетин аткарып жаткан депутат Курманбек Дыйканбаев иш-чаранын катышуучуларына кийинки отурумда өз баяндамаларын даярдап келүүнү сунуштады. 
Айта кетсек, аталган парламенттик угуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси менен өтүп жатат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомчулук, бейөкмөт уюмдар, ишкерлер катышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан