Бишкектин Күрөңкеев көчөсүнүн оюлган жерлери шаар тургуну тарабынан каржыланып, оңдоло баштады.
SUPER.KG порталы быйылкы кыштын соңку күндөрүндө "Таштанды менен жолдун оюлганы даана байкалган Мураталы Күрөңкеев атындагы көчө" деген аталыштагы
фоторепортажын берген. Учурда минтип муниципалитеттин ордуна колунда бар жаран атайын адистерди жалдап бузулган жолду оңдоп, элдин сообуна калып жаткан учуру. Өзүн
Валерий деп тааныштырган жол оңдогон жеке ишкананын жетекчиси Күрөңкеев көчөсүнүн 150 чарчы метрин оңдошорун билдирди. Ошондой эле ар бир чарчы метр 1000 сомдон турарын дагы баса белгиледи. Жол оңдоо иштери Күрөңкеев көчөсүнүн Эркиндик көчөсү менен кесилишкен аймагынан башталып, Абдрахманов көчөсүн карай оңдолуп жатат.