Нарын шаарынын РТС аймагындагы Нарын-70 коктусунан түшкөн кардын жана жамгырдын суулары куюлган Нарын чоң каналы оңдолууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринин алкагында 200 метр канал казылып, көчөлөргө кетүүчү төрт жолго көпүрө катары диаметри 80 мм темир бетон түтүктөрү жаткырылып, иштер аяктоонун алдында турат. Бул үчүн 348 735 сом сарпталды. Анын 235 599 сому Ага-хан фондунун колдоосу аркылуу каржыланса, 113 136 сом Нарын шаардык мэриясынын өздүк салымынан каралган.