Нарын. Быйыл шаар ичинде 400гө жакын карагай көчөтүн отургузуу пландалууда

Нарын шаарын жашылдандыруу иштеринин алкагында 150 карагайдын көчөтү алынып келинип, анын 22си оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан “Чабандес” скверине тигилсе, калганы шаардык мекеме-ишканаларга шаардын ичине отургузуу максатында берилди. Мындан сырткары мекеме-ишканалар жана шаар тургундарынын табыштамаларынын негизинде терек, тал, кара бак, карагат, өрүк бактарынын көчөттөрү да таратылып жатат.

Мэриядан кабарлашкандай, өткөн жылы шаар ичине жалпы 320 даана Тянь-Шань карагайы отургузулса, быйыл борбордук мечиттин айланасына 170 жана жаңы жолдун аймагына 200 карагай көчөтүн отургузуу пландалууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан