Президент Алмазбек Атамбаев "2014-жылдын 3-декабрында Мекке шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы айрым ислам мамлекеттеринде жана коомдоштуктарда мобилдүү клиникаларды уюштуруу боюнча "Фаель Хаир" программасынын алкагында айыл жергесинде мобилдүү клиникаларды сатып алууга жана пайдаланууга кайрымдуулук салымын кошууну жүзөгө ашырууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 14-апрелде президенттик аппараттан билдиришти.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 18-мартында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ислам өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы тарабынан ушул макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылганы жөнүндө кабарлоого милдеттендирилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.